Кээ бир тарифтик пландардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат

Биздин түйүн ичинде абоненттердин мобилдик интернет менен пайдалануусунун көбөйүшүнө байланыштуу, айрым архивдик тарифтердин шарттары Компания тарабынан кайра каралды. Азыркы учурда бул тарифтердин толтуруусу жана баасы техникалык муктаждыкка байланыштуу жаңыртылды.

2020 ж. 17 ноябрдан тарта «Включай звонки апта», «Включай интернет апта», «Включай интернет регион+» жана «жаңы Включай интернет регион» тарифтеринде күн сайын берилүүчү пакеттердин шарттарына өзгөртүүлөр киргизилет.
«Включай звонки апта» тарифинде эгерде баланста абоненттик төлөмүнө жетиштүү каражат болбосо жана баланста 10 сомдон көбүрөөк болсо анда күнүмдүк 500 мүнөт жана 500 SMS түйүн ичинде жана 100 МБ пакети 10 сомго берилет. Ал эми баланста 10 сомдон азыраак болсо, анда калдык толугу менен алынып пропорционалдуу көлөмдөгү пакети берилет. Бул тарифтерде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же кайсы башка интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.
«Включай интернет апта», «Включай интернет регион+» жана «жаңы Включай интернет регион» тарифтеринде эгерде баланста абоненттик төлөмүнө жетиштүү каражат болбосо жана баланста 20 сомдон көбүрөөк болсо анда күнүмдүк 500 мүнөт жана 500 SMS түйүн ичинде жана 250 МБ пакети 20 сомго берилет. Ал эми баланста 20 сомдон азыраак болсо, анда калдык толугу менен алынып пропорционалдуу көлөмдөгү пакети берилет. Бул тарифтерде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же кайсы башка интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт. Ошондой эле андан ары пакеттеги иштетилбеген ГБ топтолбойт.

https://beeline.kg/ru/aidana