Бардык тарифтик пландардагы өзгөрүүлөр жана «Симка в сейфе» кызматынын жабыла тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз

Эгер Сиз өлкөнүн аймагында болбой же кандайдыр бир себептерден улам Beeline'дын кызматтарын узак убакытка чейин колдонбой кала турган болсоңуз, SIM-картаңызды жана номериңизди активдүү режимде кармоо үчүн, 05.03.2021-жылдан 31.05.2021-жылга чейин, бардык тарифтик пландардын шарттарына «Sim in safe 2.0» тарифтик опциясы кошулмакчы.
«Sim in safe 2.0» опциясы, күтүү режимине өткөрүлөөрдөн мурун, номериңизди 3 айдын ордуна 9 ай бою активдүү режимде сактоого мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, Сиз номериңизди гана эмес, балансыңыздагы каражаттарды да сактай аласыз.
Тарифтик опцияны кошуу акысыз.
Тарифтик опциянын баасы – 0 сом.
Эгер абоненттин номери активдештирилген күндөн тарта, 3 ай же андан ашык убакыт өткөн болсо, тарифтик опция акыркы активдүү аракет* орун алган күндөн баштап 91-күнү активдештирилет. Эгер SIM-карта активдештирилген күндөн тарта, 3 айдан ашык убакыт өтө элек болсо, анда тарифтик опция жеткиликтүү болбойт.
*Акыркы активдүү аракет – бул ар кандай акы төлөнүүчү окуялар, кирүүчү чалуулар, мезгил-мезгили менен төлөнүүчү төлөмдөр.
Тарифтердин калган шарттары өзгөрүүсүз калмакчы.
«Симка в сейфе» кызматы 05.03.2021-жылдан баштап жабылат.

https://beeline.kg/ru/aidana