Кээ бир тарифтик пландардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат

Биздин түйүн ичинде абоненттердин мобилдик интернет менен пайдалануусунун көбөйүшүнө байланыштуу, айрым архивдик тарифтердин шарттары Компания тарабынан кайра каралды.

2020 ж. 29 декабрдан тарта «жаңы Включай интернет», «Gold», «Platinum» тарифтеринде күн сайын берилүүчү пакеттердин шарттарына өзгөртүүлөр киргизилет жана «Просто больше» тарифтин шарттарына өзгөртүүлөр киргизилет.

Эми «жаңы Включай интернет», «Gold», «Platinum» тарифтеринде эгерде баланста абоненттик төлөмүнө жетиштүү каражат болбосо жана баланста 20 сомдон көбүрөөк болсо анда күнүмдүк 500 мүнөт жана 500 SMS түйүн ичинде жана 250 МБ пакети 20 сомго берилет. Ал эми баланста 20 сомдон азыраак болсо, анда калдык толугу менен алынып пропорционалдуу көлөмдөгү пакети берилет. Бул тарифтерде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же кайсы башка интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Эми «Просто больше» тарифинде пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап –28 күндү түзөт. Ошондой эле эгерде баланста абоненттик төлөмүнө жетиштүү каражат болбосо жана баланста 20 сомдон көбүрөөк болсо анда күнүмдүк 500 мүнөт жана 500 SMS түйүн ичинде жана 250 МБ пакети 20 сомго берилет. Ал эми баланста 20 сомдон азыраак болсо, анда калдык толугу менен алынып пропорционалдуу көлөмдөгү пакети берилет. Бул тарифтерде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же кайсы башка интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт. Бул тариф менен колдонуп жаткан Абоненттер үчүн башка шарттар өзгөрүлбөстөн калат.

https://beeline.kg/ru/aidana