Beeline өлкөдөгү байланыштын сапатын жогорулатуу боюнча ишти улантууда

Урматтуу абоненттер, биз бүткүл өлкө боюнча тармактын сапатын жакшыртуу боюнча тынымсыз иштөөнү улантуудабыз. 

Ошентип, акыркы жарым жылда 230дан ашуун 4G/LTE базалык станцияларын модернизациялоо жана ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Негизги иштер Кыргызстандын түштүгүндө, тактап айтканда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бүтүрүлгөн. Станциялардын ишке киргизүү жумуш, биздин абоненттерибиздин көпчүлүгүнүн сапаттуу мобилдик Интернет байланышына ээ болушуна мүмкүндүк берди — бул видео-чалуулар аркылуу тоскоолдуксуз байланышуу, клиптерди жана видеолорду HD жакшы сапатта көрүү, ошондой эле тасмаларды жана көлөмдүү серияларды чектесиз жүктөө. Beeline, өз кардарларына кам көрүп, ар дайым заман талабына шайкеш келе турган иштерди жүргүзүүдө, ошондуктан, азыр биздин өлкөнүн көп жерлеринде сапаттуу 4G/LTE түйүнү иштөөдө — бул мобилдик интернеттин иштетүү боюнча эң популярдуу технологиясы. Мындан тышкары, Beeline’дын техникалык адистери биздин ишибиздин приоритеттүү бөлүгү болгон тармакты өнуктүрүүдө —  бул байланыш камтуу географиясын кеңейтүү боюнча ишин улантышууда, анткени биз өз абоненттерибиздин ыңгайлуу жана сапаттуу байланышына кам көрөбүз. 

https://beeline.kg/ru/aidana