Beeline, өзүнүн абоненттери үчүн күӊү-түнү акысыз түрдө иштеген, коронавирус маселеси боюнча тынымсыз байланыш кызматын уюштуруп жатат

Дүйнөдөгү татаал эпидемиологиялык кардаалга байланыштуу, СкайМобайл компаниясы,
өзүнүн абоненттери үчүн күӊү-түнү иштеген, COVID-19 вирусуна тиешелүү маселелер боюнча, тынымсыз байланыш телефонун уюштурду. Бүгүнкү күндөн тарта, чалуулар *3202 номери аркылуу кабыл алынмакчы.

Бул кызмат, Beeline’дын учурдагы кол-борборунун негизинде, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эпидемияга тиешелүү маселелер боюнча негизги телефондорун бир аз бошотуу максатында түзүлгөн. Эгер абоненттин суроосу тереӊирээк медициналык жоопту талап кылса, ал Beeline’дын тынымсыз байланыш телефонунан Саламаттыкты сактоо министрлигинин тынымсыз байланыш телефондорунун бирине багытталат. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин чалууларды кабыл алуучу негизги номери (0312) 32 32 02.

Ошентип, калкты эффуктивдүү түрдө маалымдоо жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин жеӊилдетүү максатында, биринчи линиянын жардамы менен, чалуулардын көбү Beeline кол-борборунун адистери тарабынан иштелип чыгат жана керектүү жерге багытталат.

Тынымсыз байланыш кызматынын адистеринин консультациялары Beeline'дын абоненттери үчүн үч тилде жеткиликтүү болот: кыргызча, орусча жана өзбекче.

https://beeline.kg/ru/aidana