2+2 акциясы
Gold тарифи боюнча 2 ай акысыз абоненттик төлөм алыңыз. Акциянын шарты боюнча эгер сиз Gold тарифине өтүп, биринчи айга болгон абоненттик төлөмдү толуктасаңыз, анда экинчи айга болгон абоненттик төлөм толугу менен акысыз берилет, ал эми 2 айга болгон абоненттик төлөмүңүздүн мөөнөтү аяктаган соң, дароо 3 күндүн ичинде кийинки абоненттик төлөмдү толуктасаңыз, анда да сизге тарифиңиз боюнча кийинки абоненттик төлөмүңүз толук түрдө акысыз берилет. Сунуш чектелген.
Gold тарифи боюнча кененирээк маалымат:
• Интернет – 100 Гб
• КРнын башка мобилдик операторлоруна - 150 мүнөт
• Beeline KG тармак ичинде чалуулар жана SMS – Чексиз
• Абоненттик төлөм – 890 сом/4 жумага
• Тарифке өтүү буйрутмасы: *555*7701#
Акция боюнча кошумча маалымат:
- Акцияга Твой выбор, Просто, Просто мини жана Супер укмуш + тарифтери катыша алат.
- Сунуш, акцияга катышуу боюнча SMS-билдирүү келген кезден тартып, ошол айдын аягына чейин актуалдуу болот.
- Акция, абонент сунушталган тарифке өтүп, тариф боюнча абоненттик төлөм берилгенден соң, 16 жумага (тариф боюнча 4 абоненттик төлөмдүн мөөнөтүнө) созулат.
- Акция алкагындагы тарифтин абоненттик төлөмдөрүн толуктоо, 3 күн аралыгында төлөнүүсү керек.
- Акциянын шарттары өз убагында аткарылса, абонентке, тарифи боюнча кийинки абоненттик төлөмдү толуктоо үчүн, акысыз кошумча баланс берилип турат.
- Акцияга катышып жаткан мезгилде, абонент сунушталган тарифтен башка тарифке өтүп кетсе, анда активдүү пакеттери болсо күйүп, абоненттин номуру 2+2 акциясынан четтетилет.
- Акцияда бир номур бир гана жолу катыша алат.
- Акция 20.12.2020 чейин жеткиликтүү.