Сиз сурандыңыздар – биз аткардык: «Супер» тарифтеринде дагы көп мүмкүнчүлүктөр!

Урматтуу абоненттер, жагымдуу жаңылыктар менен бөлүшүүгө шашабыз. Биз «Супер» линейкасынын бардык тарифтеринде СуперКүчтөрдүн тизмесин кеңейттик. Эми Сиздерге дагы да көп уникалдуу мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү болот.

СуперКүч – бул тарифиңизди кошумча төлөмдөрсүз жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү кызмат. Сиздер кошумча опцияларды өз муктаждыктарыңыздарга жараша тандап, аларды өзгөртө аласыздар.

Жаңыланган шарттарга ылайык, «Супер», «Супер Pro», «Супер Max» жана «Супер Чексиз» тарифтеринде төмөнкү СуперКүчтөр жеткиликтүү:

- «Яндекс Плюс» жазылуусу музыкалык платформага, тасмалар каталогуна, электрондук китепканага жана такси үчүн арзандатууларга жол ачат;
- 40 ГБ интернет;
- тарифтин топтомдорунан интернет таратуу;
- түнкү чексиз интернет;
- башка уюлдук операторлордун номерлерине чалуу үчүн 50 мүнөт;
- кыргыз, казак жана өзбек тилдерине сапаттуу которулган чет элдик контентти сунуштаган KYRGYZCHA эксклюзивдүү онлайн кинотеатры;
- «Иви» онлайн кинотеатрына жазылуу;
- PREMIER онлайн кинотеатры;
- Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркияда роумингде 10 мүнөт жана 1 ГБ.

«Мой Beeline» мобилдик тиркемесинде өзүңүздөргө керектүү нерселерди тандап, СуперКүчтөрдү кошуп алыңыздар.

«Супер» тарифтеринде «Укмуш TV» мобилдик телеберүүсү да камтылгандыгын эсиңиздерге салабыз. Ал 200гө чейин ар түрдүү тематикадагы кыргыз жана чет элдик каналдарды сунуштайт.
Тарифиңиздердин артыкчылыктарын максималдуу түрдө колдонуңуздар!

https://beeline.kg/ru/aidana