Алыстан окутуу

Коронавирус пандемиясына байланыштуу билим берүү системи трансформацияланууда жана дүйнө жүзү масштабдуу түрдө аралыктан туруп окутууга өтүүдө.

2020-жылдын 8-апрелинен тартып Билим берүү жана илим министрлигинин аракети астында Кыргыз өлкөсүнүн бардык мектептери аралыктан окуп баштайт. Министрлик учурда онлайн сабактарды, теле аркылуу көрсөтүлүүчү окутуу сабактарын жана маалыматтык технологиялык жана электрондук ресурстарды камтыган окутуу ыкмаларын иштеп чыгууда.

Мугалимдерди жана окуучуларды колдоо максатында мектеп программасы боюнча толук кандуу окуу үчүн Beeline билим берүүчү канал жана сайттарга бекер кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул мүмкүндүк 2020-жылдын 8-апрелинен баштап 2020-жылдын 8-июнь күнүнө чейин бардык тарифтерде баланста каражат жок болгондо дагы абоненттер үчүн иштейт.

Видеосабактар, окуу материалдары, электрондук окуу китептери, телесабактардын расписаниеси, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонуучу куралдар (пособие), өнүктүрүүчү оюндар, тест жана башкалар министрлик тарабынан иштелип чыккан www.oku.edu.gov.kg сайтына жүктөлөт.

1-11-класска чейинки окуучулар үчүн көрсөтүлгөн видеосабактарды BeeTV тиркемеси аркылуу көрүүгө болот. BeeTV тиркемесин шилтемеси аркылуу көчүрүп, билим берүүчү каналдар үчүн бекер интернет-трафикти алыңыз.

Билим берүүчү телеканалдар:
1. «Илим Билим» ЭлТР
2. «Баластан» КТР
3. ЭлТР
4. Пирамида
5. 5 канал

Бекер интернет-трафик берилчү сайттар:
1. oku.edu.gov.kg
2. lib.kg
3. kitep.edu.gov.kg
4. ibilim.kg
5. www.ktrk.kg/balastan/world
6. www.bizdin.kg
7. www.okuma.kg
8. www.inai.kg
9. www.moodle.inai.kg
10. www.digiskills.kg

https://beeline.kg/ru/aidana