Караколдо Beeline компаниясынан бекер коворкинг борбору ачылды

Жогорку сапаттагы окутуу же жемиштүү иш көбүнчө ыңгайлуу шарттарга жана заманбап технологияларга оңой жетүүгө көз каранды. Beeline Кыргызстан компаниясы өзүнүн 25 жылдык мааракесине карата Каракол шаарынын тургундарына жана конокторуна — бардыгына жеткиликтүү болгон ыңгайлуу коворкинг борборун белек кылды.
Beeline компаниясынын Каракол коворкинги окуу жылынын башталышы алдында 1-сентябрда эшигин ачты. Компания имаратты оңдоп, толугу менен жабдыды. Азыр бул компьютерлер, кеңсе эмеректери, оргтехника жана Интернетке жеткиликтүүлүк менен жабдылган заманбап жайлуу жай.
Борбор: Каракол ш., Гебзе көч., 120 (Ыбрай Туманов атындагы Мамлекеттик музыкалык училище) дарегинде жайгашкан. Ал жумуш күндөрү 9:00 дөн 18:00 гө чейин ишемби күндөрүндө 9:00 дөн 17:00 гө чейин. Бардык каалоочуларга үчүн кирүү бекер.
Коворкинг борборунун ачылыш аземине шаардын мэри Чыңгыз Бапаев, Каракол шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Илипбаев, Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары – каржы директору Айзада Мадамбекова жана албетте, азыр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдалана алыша турган жергиликтүү мектеп окуучулары жана студенттер катышты.
Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев бекер коворкингдин шаар үчүн, өзгөчө жаштар үчүн пайдалуу экенине токтолуп, Beeline Кыргызстан компаниясынын бул демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, бул Beeline компаниясынын өлкөдөгү төртүнчү коворкинг борбору. Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында дагы үч мындай жай ийгиликтүү иштеп жатат.