«Эл аралык SMS» кызматындагы өзгөртүүлөр

05.07.2021
Урматтуу кардар, Сизге «Эл аралык SMS» кызматына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдайбыз.
2021-жылдын 15-июлунан тарта, 1-таблицага ылайык, дүйнө жүзү боюнча эл аралык SMS-билдирүүлөрүн жөнөтүү тарифтери өзгөртүлмөкчү. Өзгөртүүлөр КМШ өлкөлөрүнө, жана ошондой эле Европага, Африкага, Азияга, Араб булуңундагы өлкөлөргө, Америкага SMS жөнөтүүчү бардык абоненттерге тиешелүү болот.
1-таблицада көрсөтүлбөгөн багыттар/өлкөлөр үчүн тарифтештирүү: Prepaid/Postpaid сегменттердеги абоненттер үчүн 1 SMS баасы – 12 сом (КНС жана сатуу салыгын эске алуу менен).