«Профориентация» долбоору кесип тандоого жардам берет

Beeline Кыргызстан уюлдук оператору, «Билимдуу» коомдук фонду жана Enactus Кыргызстан коомдук бирикмеси жаш кыргызстандыктарды кесипке багыттоо боюнча акысыз онлайн-курстардан өтүүгө чакырат. Ал үчүн атайын иштетилип чыккан Beeline платформасына кирүү керек, ал жерде кыргыз жана орус тилдеринде видеосабактар көрсөтүлгөн.

Онлайн-курстар IT-тармагынан жана ишкердиктен баштап кулинарияга жана киберспортко чейинки 15 популярдуу багытты камтыйт. Обзордук сабактарды бул кесиптердин алдыңкы адистери өтүшүп, өз жумуштарынын артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришет.

Биринчи төрт курска жеткилик, тутумда катталбаса да, бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү. Окууну улантуу үчүн Beeline номери менен авторизациялануу зарыл. Курстарды көргөндөн кийин авторизацияланган колдонуучулар тесттик суроолорго жооп берип, мотивациялык кат жаза алышат. Бул тапшырмаларды эң мыкты аткарган катышуучулар долбоордун финалисттеринин катарына кирип, Кыргызстандын эң ийгиликтүү компанияларына экскурсияга чакыруу алышат.

https://beeline.kg/ru/aidana