Beeline-дагы мансап эмнеден башталат

Мансап жолунун башталышы – бул абдан маанилүү жана жооптуу этап. Келген адистерге ийгиликтүү стартты камсыз кылуу үчүн өлкөдөгү эң ири иш берүүчүлөрдүн бири болгон Beeline Кыргызстан компаниясы бир катар стажировкадан өтүү жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.

Үйдөн чыкпастан интервьюдан өтүү

Жумуш издөө дээрлик дайыма интервью менен коштолот. Beeline Кыргызстан өзүнүн санариптик компания жана жоопкерчиликтүү иш берүүчү катары статусун ырастап, жумушка алуу процессин оптималдаштыруу үчүн ыңгайлуу платформаны – «Автоматташтырылган Рекрутинг» өнүмүн иштеп чыкты.
Эми талапкерлерге алдын ала жазылуу жана кеңсеге баруу үчүн убакыт коротуунун кажети жок. Алгачкы интервью смартфон, планшет, ноутбук же компьютер болобу, каалаган түзмөктөн алыстан жүргүзүлүшү мүмкүн. Ал үчүн recruiting.beeline.kg шилтемеси аркылуу өтүп, онлайн маектешүүнүн үч баскычын аткаруу зарыл:

1.    Кандидаттын анкетасын толтуруу.
2.    Тестирлөөдөн өтүү. 
3.    Суроолорго видео же текст форматында жооп берүү.

Мындан тышкары, сайттан компаниянын ишмердүүлүгү, Beeline компаниясында иштөөнүн артыкчылыктары жана талапкерлерге коюлган талаптар тууралуу пайдалуу маалыматтарды таба аласыз. Бул жерде интервьюдан өтүү боюнча нускамалар жана кеңештер, ошондой эле көп берилүүчү суроолорго жооптор бар. Учурда талапкерлерди онлайн тандоо үч багытта жүргүзүлөт: байланыш борборунун оператору, СжТК кызматкери жана түз сатуу кызматкери.

Курстардан стажировкага чейин

Эки жыл катары менен Beeline өнөктөштөрү менен бирге уникалдуу социалдык жана билим берүү демилгесин - популярдуу IT адистиктери боюнча акысыз курстарды ишке ашырып келет. Бул убакыттын ичинде долбоорго өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 130дан ашуун жаш кыргызстандыктар катышты. 
Окутууга UX/UI дизайны, Frontend жана Backend иштеп чыгуу, долбоорлорду башкаруу, системаны башкаруу, Data Science (маалыматтар жөнүндө илим), SQL (маалыматтардын аналитикасы) жана маалымат коопсуздугу сыяктуу тармактар камтылган.

Окуу программасы аяктагандан кийин курстун эң мыкты бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн жөндөмдөрүн колдонуу жана ири компанияларда тажрыйба алуу үчүн чакырылган. Ошентип, долбоордун экинчи агымынын жыйынтыгы боюнча 10 катышуучу Dos Cloud, Mancho Devs, CRM Technologies, Discovery, «Оптима», БАУ жана, албетте, Beeline Кыргызстан сыяктуу уюмдарда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  

Beeline — 25 жыл бою жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү!
https://beeline.kg/ru/aidana