Корпоративдик топтордун абоненттери үчүн БизнесБонустар

БизнесБонустар деген эмне?
Бизнес-бонустар – бул корпоративдик абоненттер үчүн каралган, кошумча төлөм талап кылбаган Сиздин тарифиңизди жакшыртуучу опциялар!

1. «5ГБ интернет топтому» БизнесБонусу – бул тарифке кошумча 5 ГБтык интернет топтому.
2. «Чексиз Instagram+WhatsApp+Facebook» БизнесБонусу Instagram, WhatsApp жана Facebook соцтармактары үчүн чексиз трафикти камсыз кылат.
3. «Интернетти тарат» БизнесБонусу – тарифтин топтомунан 20 ГБ интернет таратуу. 
4. «Россиянын жана Казакстандын Beeline номерлерине мүнөттөр топтому» БизнесБонусу – Россия жана Казакстандын Beeline номерлерине 30 мүнөт чалуулар.
5. «Үйдөгүдөй роуминг» БизнесБонусу – Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркияда 10 мүнөт жана 1 ГБ.

Кошумча маалымат:
- Тарифке кошулгандан кийин, БизнесБонустар
алгач тандалган соң, дароо иштей баштайт. Учурдагы БизнесБонустар өзгөртүлгөн убакта, өзгөртүүлөр тарифтин кийинки абоненттик төлөмү алынгандан кийин күчүнө кирет.
- Тарифтин абоненттик төлөмү өз убагында төлөгөн шартта, БизнесБонус эч кандай кошумча төлөмсүз жеткиликтүү болот.
- «Бизнес Эркиндик» жана «Бизнес Байланыш» тарифтик линейкалары үчүн каралган БизнесБонустар ацкиянын алкагында кошулат.
- Компания корпоративдик топтор үчүн каралган тарифтердеги БизнесБонустарды өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.

https://beeline.kg/ru/aidana