Роумингте акысыз пакет - 100 Мб жана 5 мүнөт

27.04.2020
Акциянын 2020-жылдын 31-майына чейин созула тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз.
Роумингде эки күндөн көп болгон абоненттерди байланыш менен камсыз кылуу үчүн, Beeline АКЫСЫЗ ТҮРДӨ төмөндөгү пакетти сунуштайт: 100 Мб жана Кыргызстан боюнча кирүүчү/чыгуучу чалуулар үчүн, жана ошондой эле кабыл алуучу өлкө боюнча чыгуучу чалуулар үчүн 5 мүнөт.
Бул пакет 1 ирет кошуу үчүн жеткиликтүү.
Пакеттин мөөнөтү 2020-жылдын 1-июнуна чейин.
Андан тышкары, абоненттер, керек болгон учурда, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги элчиликтеринин байланыш номерлерине акысыз түрдө чала алышат.
Ар дайым байланышта болуңуз!