Beeline Ысык-Көлдөгү тармактын сапатын жакшыртты

Уюлдук оператор Ысык-Көлдүн жээгиндеги тармактын сапатын бир топ жакшыртуу менен туристтик мезгилге даярданды. Май жана июнь айларында Beeline курорттук аймактарда отуздан ашык базалык станцияларды модернизациялап, ишке киргизди, анын ичинде:
• Бостери айылы (анын ичинде «Аян Резорт», «Кыргызское Взморье», «Илбирс» пансионаттары, «Золотые пески» эс алуу борбору),
• Баетовка айылы («Голубой Иссык-Куль» пансионаты),
• Чолпон-Ата шаары («Элнуру» пансионаты),
• Сары-Ой айылы («Радуга» пансионаты),
• Тамчы айылы («Валенсия» пансионаты),
• Булан-Соготтуу айылы,
• Чок-Тал айылы.
Аткарылган иштер туруктуу камтууну камсыз кылууга, тармактын кубаттуулугун жогорулатууга жана маалыматтарды берүүнүн сапатын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берди. Ошону менен бирге компания абоненттердин өсүп жаткан керектөөлөрүн толук канааттандыруу максатында байланыш инфраструктурасын модернизациялоону жана кеңейтүүнү улантууда.
Ысык-Көлдө эс алып, Beeline-дын жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетинен ырахат алыңыз!