Борбордон алыскы айылдарга чейин: Beeline өлкө боюнча тармактын сапатын жакшыртат

Beeline тармакты модернизациялоо жана бүткүл Кыргызстанды камтуу боюнча кеңейтүү  иштерин улантууда. Жыл ичинде компания өлкөнүн ар кайсы аймактарында жаңы базалык станцияларды курду жана болгон инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртты, тармактын сыйымдуулугун жана маалыматтарды берүү ылдамдыгын жогорулатты.

Аткарылган иштин жогорку сапаты Speedtest Intelligence® маалыматтарынын негизинде Ookla® тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз изилдөөнүн натыйжалары менен тастыкталат. 2023-жылдын үчүнчү кварталынын көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 4G интернет ылдамдыгы боюнча лидер деп табылды.

Башка аймактар, анын ичинде өлкөнүн алыскы аймактары да көңүл сыртында калбайт. Уюлдук оператор жакында эле мамлекеттин алдындагы милдеттенмелеринин алкагында бир эле учурда үч жаңы аймакты тармак менен камсыз кылды. Булар Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы алыскы конуштар Беш-Кемпир, Кара-Жыгач жана Карасай.

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Беш-Кемпир айылындагы жаңы базалык станция – Beeline Кыргызстандын жеке иши формалдуу милдеттеринен келип чыккандыгынын ачык мисалы. Айыл тургундарында байланыш кызматтарына жетүүгө болгон күчтүү муктаждык сезилген. Базалык станциянын жайгашкан жерин тандоодо жана анын курулушунун жүрүшүндө компания негизинен жергиликтүү калктын кызыкчылын көздөдү. Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, Beeline Кыргызстан компаниясы мындай көйгөйлүү аймактар да байланышта болушу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.
 

https://beeline.kg/ru/aidana