Beeline байланыштын сапатын жакшыртууну улантууда: Өзгөчө кырдаал учурунда 27 жаңы 4G станциялары орнотулду

Beeline компаниясы байланыштын сапатын жакшыртууну улантууда. Жакында бүткүл өлкө боюнча 4G LTE жаңы базалык станцияларын ишке киргизди. Анын негизинде Beeline компаниясы жогорку ылдамдыктагы байланыш жана жеткиликтүү интернет жана үн кызматтары менен камсыздады.

Өлкөдөгү оор кырдаалда, Beeline биринчи кезекте өлкөнү үзгүлтүксүз жана сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу негизги милдети катары кабыл алган. Компания кардарларды мындан да мыкты тейлөө үчүн, өлкө боюнча 27 кошумча 4G LTE базалык станцияларын орнотуу менен тармактын жайылуу аймагын жана куббатуулугун кеңейтти.

Жалал-Абад облусу. Бешик-Жон, Бирдик,Кара-Жыгач, Мамай, Майлуу-Суу, Кош-Болот, Ак-Терек,Орто-Азия, Арал, Падек и Кызыл-Тууй айыл аймактык аймактры;
Ош облусу. Алашан, Жаңы-Ноокат, Жар-Коргон,Агартуу, Кашкалдак, Кожо-Арык, Өсөр, Монок, Жылкелди айылдары;
Чүй облусу. Юрьевка жана Милянфан айылддары;
Ыссык-Көл облусу. Балтабай (Кызыл-Дыйкан) жана Ак-Терек айылдары;
Баткен облусунун Өрүкзар айылы;
Талас облусу Кең-Арал айылы;
Автосборный завод Чолпон-Ата көчөсү Бишкек шаар.

2020-жылдын башынан бери бүт өлкө боюнча 85 жаңы 4G LTE станциясы ишке киргизилди. Толук Beeline тармагын камтуу картасын көрүңүз 4G / 3G / 2G түйүн ичинде көрүңүз. Жана бул сайттан https://beeline.kg/ky/4g.

Жаңы станцияларды куруудан тышкары, Beeline компаниясынын техникалык адистери мүмкүн болгон көйгөйлөр жөнүндө маалыматты дээрлик аз убакытта алышат. Алар маселелерди тез арада чечип, теле коммуникация жабдууларын жогорку сапатта жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздай алышат.

Beeline: сизге жана жакындарыңызга кам көрүү!
 

https://beeline.kg/ru/aidana