Beeline, тармагын кеңейтип, байланыш сапатын жогорулатууну улантууда: жыл башынан бери 220 базалык станция!

Beeline, жаңы 4GLTE базалык станцияларын ишке киргизүү менен, Кыргызстан боюнча байланыш сапатын жогорулатуу боюнча ишин улантууда. Ошентип, оператор өз абоненттерин жогорку ылдамдыктагы интернет жана жогорку сапаттагы үн кызматтары менен камсыз кылып, алардын колдонуучулук тажрыйбасын бир нече эсе жакшыртат.

Өлкөдөгү кыйын шарттарга карабастан, Beeline, абоненттерин үзгүлтүксүз, сапаттуу байланыш менен камсыздоону жана тейлөө аймагын мүмкүн болушунча кеӊейтүүнү, эӊ негизги максаты катары коет.

Абоненттерди тейлөө сапатын дагы да жогорулатуу максатында, Компания, жыл башынан бери өлкө боюнча 220 кошумча 4GLTE базалык станцияларын орнотуп, Ош жана Чүй облустарында түйүндү күчөтүп, камтуу аймагын жана тармактын сыйымдуулугун кеңейтти:

● Баткен облусу: Ташкоргон, Абдусамат, Жаңы-Айыл, Миңчынар, Чек, Базар-Башы, Үч-Коргон, Раззаков айылдары;

● Жалал-Абад облусу: Ачы, Жетиген, Сары-Сөгөт, Чолпон-Ата, Бек-Абад, Кызыл-Өзгөрүш, Күмүш-Азиз, Кара-Күнгөй, Кызыл-Сеңир, Боз-Чычкан, Кара-Булак, Жоонкүнгөй, Кара-Чолок, Жаңы-Базар, Бүргөндү, Ладан-Кара айылдары, жана ошондой эле Жалал-Абад шаары;

● Ош облусу: Гүлбахор, Савай, Калматай, Көк-Бел, Жаңы-Турмуш, Борко, Жылы-Суу, Кара-Кокту, Первое Мая, Ылай-Талаа, Куу-Майдан, Арыкбою, Мангыт; Ак-Шар, Мырза Аке айылдары;

● Талас облусу: Ынтымак, Кайыңды айылдары;

● Чүй облусу: Пригородное, Военно-Антоновка, Арчалы, Новопавловка, Маловодное, Дачный айылдары, Кант шаары, Нижняя Ала-Арча, Токмок, Беловодское, Алексеевка, Кара-Балта, Шопоков, Сокулук, Садовое айылдары;

● "Калыс-Ордо", "Ак-Ордо" турак жай конуштары, Бишкек шаарынын Кривоносов, Кең-Суу көчөлөрүндөгү тилкелер.

Beeline тармагынын толук 4G/3G/2G картасы beeline.kg сайтында жеткиликтүү.

Жаңы станцияларды куруудан тышкары, Beeline’дын техникалык адистери тармакты ар дайым көзөмөлдөп турушат, жана мүмкүн болгон кемчиликтер жөнүндө билдирүүлөргө заматта жооп берип, аларды тез арада четтетишет, жана, кандай шартта болбосун, телекоммуникациялык жабдыктардын сапаттуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышат.

Beeline: Сизге жана Сиздин жакындарыңызга кам көрүү менен!

https://beeline.kg/ru/aidana