Beeline номериӊиз коргоо алдында экенине ынанууга чакырат

Телефон номери – бул абонент менен баарлашуу үчүн жөн гана сандар ырааттуулугу эмес. Бул ишенимдүү коргоону талап кылган сиздин жеке маалыматтарыңыз. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору номерди сиздин атыңызга каттоо зарылдыгын эскертет.
Номериңизди өзүңүзгө каттатуу эмне үчүн маанилүү?
Номерди каттоо – бул абонент менен байланыш операторунун ортосунда келишим түзүү. Ал кардарга бир катар артыкчылыктарды берет:
• Шылуундардын аракеттеринен коргойт. Анонимдүү SIM-картаны колдонуучунун анын жеке маалыматтарын жана акча каражаттарын ээлеп алуусу мүмкүн болгон шылуундардын курмандыгы болуу коркунучу бар.
• Эгер телефон жоголсо, номерди тез калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
• Номерди толук көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Сиз чалуулардын детализациясын ала аласыз, SIM-картаңыз жоголгон учурда аны блоктоп, жеке маалыматтардын купуялуулугу жөнүндө кабатырланбай эле койсоӊуз болот.
Номердин каттоо абалын кантип текшерсе болот?
Эгер сиз Beeline абоненти болсоңуз, *142# командасын териӊиз. Сизге номериңиздин катталгандыгы тууралуу маалымат менен SMS-билдирүү келет. Эгер ал мурун эле катталган болсо, анда номердин ээсинин инициалдарын көрөсүз.
Номерди өз атыңызга кантип каттатуу керек?
Номерди каттоо процедурасы жөнөкөй, тез жана толугу менен акысыз. Бул үчүн жакынкы Beeline кеңсесине барыӊыз. Жаныңызда өздүгүңүздү тастыктаган документ болушу керек.
Мындан тышкары, сиз номерди түздөн-түз «Мой Beeline» мобилдик тиркемесинен каттай аласыз (негизги меню – “Дагы” бөлүмү – “Каттоо” кошумча барагы). Паспортуӊузду эки тарабынан сүрөткө тартып, паспорт менен селфи (бетиӊиздин сүрөтүн) тартып, код сөзүн ойлоп таап, келишимдеги маалыматтарды текшерип, кол коюңуз.
Жагымдуу бонус
Номерди өзүңүзгө каттатуу менен сиз аны толук башкара аласыз жана маалыматтарыңыздын корголушун камсыздай аласыз. Ал эми каттоодон өткөндөн кийин Beeline сизге белекке 5 ГБ интернет берет. Номериӊиз өзүӊүздүкү экени анык болсун!