Beeline Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, белекке чексиз түнкү интернетти берет

Beeline Кыргызстан уюлдук оператору мусулмандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктайт! Ал үйүңүзгө тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык алып келсин. Руханий тазаланууну жана жаркын үмүттөрдүн аткарылышын тилейбиз.

Рамазан айына карата, биз абоненттерибизге «Түнкү чексиздик» кызматын акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Бул акция Рамазан айы бүткөнчө иштейт. «Түнкү чексиздик» кызматын «Мой Beeline» тиркемеси аркылуу кошуп алып, Сиз күн сайын саат 01:00дөн 07:00гө чейин чексиз интернеттен пайдалана аласыз. Ылдамдык жана трафиктин көлөмү боюнча чектөөлөрсүз, Кыргызстандагы эң ылдам 4G интернетинин* артыкчылыктарын сезе билиңиз!

«Түнкү чексиздик» кызматы тарифтин абоненттик төлөмү төлөнгөн шартта жеткиликтүү болот. Кызматты кошулган учурдан тартып 28 күн бою акысыз колдонуу мүмкүн. Акысыз мөөнөт аяктаган соң, «Түнкү чексиздик» кызматынын акысы стандарттык шарттарда алына баштайт (4 аптага 60 сом).

*2023-жылдын 4-чейрегиндеги Кыргызстандагы медиандык жүктөө ылдамдыгы жөнүндө Speedtest Intelligence®'тин маалыматтарынын Ookla® тарабынан аткарылган талдоосунун негизинде.
Ookla® соода белгилери уруксаттама боюнча колдонулат, жана кайра басып чыгаруу үчүн уруксатты талап кылат.

https://beeline.kg/ru/aidana