Beeline арзандатылган эң романтикалуу белектерди тандоого жардам берет

Сүйгөн адамыңызга эмне белек берериңизди дагы эле билбей жатасызбы? Бул суроонун жообу сиз ойлогондон да жөнөкөй болушу мүмкүн. Beeline чын жүрөктөн эң көп утуштуу белек идеяларын сунуштайт.

Кооз номер – ийгиликке ачкыч 

Эгер сиз сюрпризиңиздин оригиналдуу жана чындап унутулгус болушун кааласаңыз, сандардын кооз, эсте каларлык айкалышы менен номер бериңиз. Бул бактылуу санга, жеке таасирлерге же өзгөчө эсте каларлык күнгө шилтеме болушу мүмкүн – бул жагымдуу сезимдерди жаратат.

Айтмакчы, жагымдуу нерселер жөнүндө: февраль айынын аягына чейин Beelineдын эң «баалуу» номерлерине арзандатуулар бар:
• «Платина» категориясындагы номерлер үчүн — 30%, 
• «Алтын» категориясы үчүн – 50%,
• «Күмүш» категориясы үчүн – 70%.
Сайтынан жеткиликтүү номерлер менен таанышып, эң ылайыктуусун тандап алсаңыз болот.

Белек берүүдөн адашкыңыз келбесе – эң жакшысын тандаңыз

Чындыгында баалуу жана керектүү нерсени белекке берсе кандай болот? Мисалы, iPhone. Идея сонун, бирок жакындарыбызга белек тандоодо жасалма нерселерден сак болуу канчалык маанилүү экендигин баарыбыз билебиз.
Шектүү сатып алууларды болтурбоо үчүн, Apple компаниясынын расмий өнөктөшү жана ыйгарым укуктуу сатуучусу Beeline кеңселерине кайрылыңыз:
• «Дордой Плаза-2» соода борборунда (Ибраимова көч., 115, 10:00 – 22:00);
• Asia Mall соода борборунда (Айтматов пр., 3, 10:00 – 22:00);
• «Бишкек Парк» соода борборунда (Киев көч., 148, 10:00 – 22:00);
• «Асыл-Таш» бизнес борборунда (Ибраимова көч., 115/1, 9:00 – 18:00).
Бул жерден сиз дүйнөгө белгилүү өндүрүүчүдөн расмий кепилдиги менен оригиналдуу iPhone смартфондорун сатып алсаңыз болот.

Бюджетиңиз чектелүү болсо да, бирок сиз чындап сүйүктүүңүздү кубантууну кааласаңыз, анда Beeline’дын сиз үчүн сонун жаңылыгы бар. 10-мартка чейин гана iPhone 15 PRO 128 ГБ бөлүп төлөө менен өзгөчө баада сатып алсаңыз болот! Дос-Кредобанктан бөлүп төлөө пландары 12 айга берилет, ай сайын төлөнүүчү төлөмдүн суммасы 8888 сомду түзөт. Мындан тышкары, сиз ошондой эле «Алтын+» категориясына чейинки кооз номерди, 4 жумага төлөнүүчү «Super Pro» тарифин, ошондой эле жыл бою ай сайын 20 ГБ интернет топтомун аласыз. Бул бонустардын баары сиздин белегиңизге эң сонун кошумча болот.

Айфондордон тышкары Beeline Apple бренди менен башка өнүмдөрдү да сунуштайт. Мисалы, Apple Watch акылдуу сааты же AirPods кулакчындары, алар дагы сонун белек болот. Сүйүктүү адамдарыңызга эң жакшысын бериңиз, бул үчүн өзгөчө учурдун кереги жок.

https://beeline.kg/ru/aidana