Beeline кесипти тандоого жардам берет

Beeline Кыргызстан уюлдук оператору, Enactus Кыргызстан коомдук бирикмеси жана «Билимдүү» коомдук фонду «Кесиптик багыт берүү» долбоорун түзүштү. Бул Beeline компаниясынын атайын иштелип чыккан платформасынын жардамы менен кесипти аң-сезимдүү тандоого жардам берген демилге. Бул жерден келечектүү кесиптер менен бекер таанышып, онлайн-курстардан өтүп, тесттин суроолоруна жооп ала аласыз. Материалдар орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү.
Бардык материалдар ыңгайлуу платформада beeprof.beeline.kg шилтемеси боюнча берилген. Платформада он беш багыт боюнча видеоконтент сунушталган:
• Креативдүү индустрия (киберспортчу, фотограф);
• Дизайн (дизайнер-иллюстратор, кийим дизайнери, графикалык дизайнер);
• IT тармагы (Data Science адиси, Android-иштеп чыгуучу);
• Ишкерлик;
• Архитектура;
• Менеджмент;
• Режиссура;
• PR жана маркетинг (маркетолог, PR-менеджер);
• Тигүү тармагы;
• Медицина;
• Юриспруденция (юрист, адвокат);
• Кулинария;
• Финансы (финансист, аудитор);
• Психология;
• Педагогика.
Биринчи төрт курс ар бир адамга, анын ичинде катталбаган колдонуучуларга жеткиликтүү. Окууну улантуу үчүн сиз Beeline номери боюнча авторизациядан өтүшүңүз керек. Андан кийин, сиз бардык онлайн-курстарга жеткилик ала аласыз. Ошондой эле тесттен өтүп, долбоордун финалисттеринин катарына катышуу үчүн мотивация кат жазсаңыз болот. Жеңүүчүлөр Кыргызстандагы эң мыкты компанияларга тааныштыруу экскурсияларына чакырылат.