Beeline өзүнүн киберкоопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына шайкештигин тастыктады

Компания «Beeline Кыргызстан» аудиттен ийгиликтүү өтүп, маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасын түзүү, колдоо жана өнүктүрүү боюнча глобалдык талаптарды аныктаган ISO/IEC 27001:2013 эл аралык стандартына шайкештик сертификатын алды.

Аудиттик текшерүү Европадагы эң абройлуу сертификаттоочу органдардын бири болгон Британиялык Стандарттар Институтунун (BSI) өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн. Сертификаттоо процедурасы маалыматтык коопсуздук процесстерин кылдат тестирлөө, талдоо жана баалоону камтыйт. BSI-нин иштөө ыкмалары бүткүл дүйнөгө таанылган, андыктан бул процесстин ишенимдүүлүгү жана компетенттүүлүгү шексиз.

Расмий сертификация Beeline техникалык жана уюштуруу чараларынын бүтүндөй комплекси аркылуу камсыздаган маалыматтарды коргоонун жогорку даражасын күбөлөндүрөт. Маалыматтык ресурстарды коргоого мындай жоопкерчиликтүү мамиле компаниянын атаандаштык артыкчылыктарына таасирин тийгизет, иштетилген маалыматтардын тактыгына жана купуялуулугуна, ошондой эле Beeline-дын жеке абоненттерине да, корпоративдик кардарларына да өнүмдөрдүн жана кызматтардын ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет.

Beeline — жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө 25 жыл!
https://beeline.kg/ru/aidana