Beeline жана OneWeb Кыргызстандагы жогорку ылдамдыктагы байланыштын жеткиликтүүлүгүн жогорулатышат

OneWeb спутниктик байланыш компаниясы жана курамына Beeline Кыргызстан кирген VEON глобалдык санариптик оператору өнүгүп келе жаткан рынокторго мобилдик интернет байланышын жана санариптик кызматтарды жеткирүү үчүн кызматташууну макулдашты.

Бул маанилүү келишим Beeline компаниясына өлкөнүн эң алыскы аймактарын, ал тургай, ушул убакытка чейин тармакка жеткилиги жок болуп келген аймактарды үзгүлтүксүз байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого жөндөмдүү Кыргызстандагы биринчи мобилдик оператор болууга мүмкүндүгүн берет.

OneWeb менен өнөктөштүк санариптик теӊсиздикти жоюуга, өзгөчө кырдаалдарда үзгүлтүксүз байланышты камсыздоого жана калктын экономикалык өсүү темпин жогорулатууга мүмкүндүк берет. OneWeb орбиталык тобу жогорку ылдамдыктагы, аз кечигүүдөгү интернет байланышын камсыз кылуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Учурда компания 616 спутникти орбитага чыгарды, бул жылдын аягына чейин дүйнөлүк камтууну камсыздай алат дегенди билдирет.
OneWeb ресурстары мобилдик байланыштын инфратүзүмү менен органикалык түрдө айкалышып, мобилдик операторлорго начар тейленген же байланышы жок, өзгөчө оор жеткиликтүү аймактардагы калктуу конуштарда 3G, 4G, LTE жана 5G тармагын кеңейтүүгө жардам берет.

Beeline жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!
https://beeline.kg/ru/aidana