Жөнөкөй жана тез насыя

Beeline Дос Кредо Банк менен бирдикте 30% чейин кешбэк (кайра кайтарып берүү) менен смартфондорду насыяга сатууну баштайт.
Жөнөкөй жана тез насыя смартфон алуу үчүн Beeline дукөндөрундө
Beeline Дос Кредо Банк менен бирдикте 30% чейин кешбэк (кайра кайтарып берүү) менен смартфондорду насыяга сатууну баштайт.
Эми Beeline офистеринде смартфонду тез жана оной кредитке алсаныз болот, ал 2 документтин- паспорту жана иштеген мекеменин аталышы, ээлеген кызматы, акыркы 6 айдагы айлык маянасы көрсөтүлгөн маалымкаттын негизинде 30 мүнөт ичинде таризделет.
Бул продуктка кошумча кешбэк акциясы дагы ишке кирет. Насыяны ай сайын BalanceKg аркылуу төлөгөн учурда эсептелген пайыздардын суммасынын 30% кайтарылып берилет.
Смартфонду насыяга тариздөө шарттары
Кардар: Жеке жак –Кыргыз Республикасынын резиденти
Насыя алуучуга талаптар:
- 21 жаштан жогору;
- Насыя таржымалы жакшы;
- Башка банктарда төлөнбөгөн насыясы жок;
- Айлык маянасынын өлчөмү 7500 сомдон кем эмес.
Валюта: кыргыз сому.
Насыянын суммасы: 1 000 сомдон 70 000сомго чейин.
Мөөнөтү: 6 айдан 12 айга чейин.
Төлөө: ай сайын төлөмдөр, ай сайын төлөө – насыянын негизги суммасы жана банктын үстөгү кирет.
Камсыздоо күрөөсү: күрөө болуп сатылып алынган товар эсептелет.
Банктын үстөгү: Жылына 32%.
Комиссия: насыя ийгиликтүү таризделгенде бир жолу төлөнөт - 150 сом.
Тариздөө: 30-40 мүнөт ичинде.
Баштапкы төлөм: телефондун баасынын 10%.
Милдеттүү шарт: насыя алуу үчүн бардык документтерди алып келүү.
Насыя алуучу үчүн зарыл документтер:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, эгер биометрикалык паспорт болсо, анда жашаган жеринен маалымкат керек;
- акыркы 6-12 ай үчүн айлык акы жөнүндө маалымкат, кызмат ордун, чегерүүлөрдү жана кармоолорду көрсөтүү менен.
*маалымкат уюмдун жетекчилеринин, башкы бухгалтеринин кол тамгалары менен тастыкталып, тегерек мөөр басылыш керек.
*айлык акы жөнүндө маалымкаттын түпнускасы эле кабыл алынат жана маалымкат берилген күндөн баштап бир календардык ай күчүндө болот.
*жашаган жериңиз паспорттогу пропискадан айрымаланса анда жашаган жеринен маалымкат керек.
Эгерде жеке ишкер болсо:
- КР жаранынын паспорту;
- Тастыктоочу дүмүрчөгү бар патент;
- Акыркы 3 айга.
«Смартфонду насыяга алганда Сashback» акциясы
Акциянын бардык шарттары аткарылган учурда акциянын катышуучуларына эсептелген пайыздардын 30% чейинки өлчөмдөгү Cashback эсептелет. Акция бардык абоненттерге жеткиликтүү.
Акцияга катышуу үчүн:
- Билайн кеңселеринен насыяга смартфон сатып алуу(насыя Дос Кредо банк аркылуу таризделет);
- Balance.kg тиркемесин жүктөп алуу;
- Ай сайын насыяны өз убагында Balance.kg электрондук капчыгы аркылуу төлөп туруу (төлөө графигине ылайык);
- Насыя төлөнгөн күндүн эртеси күнү (ай сайын) Balance электрондук капчыгына эсептелген пайыздардын суммасынын 30% чейинки Cashback кайтарылат.
Кешбэк алуу шарттары
Төлөө |
Кешбэк |
Ай сайын туруктуу төлөө |
Кешбэк үзгүлтүксүз эсептелет |
Төлөө 1 айга мөөнөтүнөн өтүп кеткен, бирок кийинки айлары туруктуу төлөнсө |
Кешбэк мөөнөтү өтүп кеткен айга эсептелбейт |
Төлөө эки айга мөөнөтүнөн өтүп кеткен, бирок кийинки айлары туруктуу төлөнсө |
Кешбэк эсептелбейт |
Насыя мөөнөтүнөн мурда төлөнсө |
Кешбэк эсептелбейт, себеби насыя мөөнөтүнөн мурда төлөнгөндө банк эсептелген пайыздарды алып коет. |
* Кешбэк насыя BalanceKg аркылуу төлөнгөндө кайтарылат. * кешбэктин суммасы телефондун баасы жана сиз насыя алган мөөнөткө жараша болот. |
Balance.kg электрондук капчыгын толуктоо үчүн кеңселер жана терминалдар жайгашкан жерлерди тиркеменин өзүнөн, Толуктоо» - «Карта» же «Кеңселердин тизмеси» («Пополнение» - «Карта» или «Список офисов») бөлүмүнөн табууга болот.
Акция 2018-жылдын 31-декабрына чейин өтөт.
Маал-т: 0774 000999.