Beeline IT-курстарынын мыкты бүтүрүүчүлөрүнө сыйлык берди

Март айынын башында Beeline кеңсесинде «Долбоордук менеджмент» жана «Маалыматтык коопсуздук» багыттарынын катышуучулары үчүн бүтүрүү кечеси болуп өттү.
Бул эки программа боюнча окууну жалпысынан 27 студент ийгиликтүү аяктады. 

Алар акыркы сынактан өтүп, калыстар тобуна долбоорлорун көрсөтүштү.
Калыстар катары «Бай Түшүм» банкынын, ManchoDevs жана The Cramer Project компанияларынын, ошондой эле Beeline уюлдук операторунун өкүлдөрү чыгышты.

Экзамендерден кийин бүтүрүүчүлөргө сертификаттар ыйгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.
«Долбоордук менеджмент» боюнча 1-орунду үй кожойкеси Анна Елизарова ээлесе, «Маалыматтык коопсуздук» багытында 1-курстун студенти Динайым Дубанаева өзүн мыкты көрсөттү. 

Жеңүүчүлөргө Beeline компаниясынан баалуу сыйлыктар — 5G-ни колдой турган смартфондор тапшырылды.
Мындан тышкары, IT-курстарынын мыкты бүтүрүүчүлөрү маектешүүгө жана ири компанияларга стажировкага чакырылды жана эми алар ал жерден мындан да көбүрөөк билим жана тажрыйба ала алышат.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт!
https://beeline.kg/ru/aidana