Beeline акысыз IT жана программалоо курстарынын катышуучуларды сыйлады жана стажировкага чакырды

2021-жылдын августунда Beeline компаниясы Digital Academy менен бүгүнкү күндө актуалдуу болгон UX/UI дизайн, Front-end жана Back-end адистиктери боюнча акысыз окутуу курстарына топтомду ачкан.

Курста окуу үчүн 1600дөн ашык каалоочулар өтүнмө беришкен, 350дөн ашыгы «Компьютердик сабаттуулук» жана «Программалоонун негиздери» курстарын окушту, жыйынтыгында алардын ичинен 60 окуучу IT негизги багыттары боюнча акысыз окутуудан өтүштү. 

Мурда UX-UI дизайнга окутуу курсу 2021-жылдын декабрында аяктаган. Мыкты окуучу деп Ош шаарынын тургуну, Кубаныч Абдираимов табылган.
Ал белек катары компаниянын атынан ноутбук тапшырылган. 

Front-end жана Back-end багыттары боюнча курстар июнда аяктады.
7-июлда Beeline коворкинг-борборунда бул багыттын бүтүрүүчүлөрү окутуу учурунда алган бардык билимин жумшап, өз долбоорлорун жакташты.

Бардык катышуучулар компаниядан брендделген белектерди алышты, ал эми мыкты окуучулар ноутбук алышты.
Алардын катарында Back-end окуучусу Ош шаарынан келген Анара Эркебаева жана Front-end курсунун окуучусу Бишкектен Санжар Касмамытов болду.

Ошондой эле Beeline кызматкерлеринен турган калыстар беш катышуучуну тандап, аларга көбүрөөк тажрыйба алуу үчүн, компанияда стажировкадан өтүп, өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн беришкен.

Beeline курстары балдарга акысыз окуу гана эмес, стажировкадан өтүү, андан ары талап кылынган ишти алуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Beeline – Сиз жана Сиздин жакындарыңыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр!
 

https://beeline.kg/ru/aidana