Beeline: 22 жыл Кыргызстандын рыногунда. Эмне үчүн бул жыл компания үчүн өзгөчө болду?

Sky Mobile компаниясы (Beeline соода белгиси) Кыргызстандын рыногунда 22 жылдык мааракесин белгилейт.

1998-жылдын 1-августунда, Bitel тармагында (кийин Beeline деп аталып калган) Кыргызстандын аймагындагы эң алгачкы чалуу аткарылган. 2010-жылы, компания, Кыргызстан, Россия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Грузия, Алжир, Бангладеш жана Пакистанда үн байланыш, маалыматтарды жиберүү жана кеңири тилкелүү интернет кызматтарын сунуш кылган VEON Ltd компаниялар тобуна кирген. Бүгүнкү күндө, Beeline GSM-900/1800, 3G жана 4G стандарттарындагы уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүп, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын дайыма жогорулатып турат, жана ошондой эле digital-өнүмдөргө басым жасайт.

«Быйыл биздин туулган күнүбүз өлкөбүздөгү оор мезгилге туш келди. Албетте, кандайдыр бир масштабдуу майрамдоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Анын ордуна, биз өлкөгө жардам берүүгө жана майрамдоого каралган бюджетти кайрымдуулукка багыттоону туура көрдүк. Биз бул маанилүү датаны шаан-шөкөтсүз, кымбаттуу кесиптештерибиз менен онлайн түрүндө белгилейбиз», - деп айтты Beeline’дын генералдык мүдүрү Евгений Кражан.

Коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында, Beeline өлкөнүн аймактарына көңүл бурууну чечти. Биринчи кезекте, ар бири эки адамга ылайыкталган кычкылтек концентраторлору аймактык медициналык мекемелерге жакын арада өткөрүлүп берилет. Ошондой эле, медициналык мекемелердин өтүнүчү боюнча, керектүү жеке коргонуу каражаттары, бет каптар, кол каптар ж.б. сатып алынат жана өткөрүлүп берилет.

Буга чейин, Beeline, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда катуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебине 1 миллион сом которгон. Beeline’дын мамлекетке жана жарандарга жардам көрсөтүү боюнча демилгелеринин бири – дарыгерлерге, штабтардын кызматкерлерине, ыктыярчыларга даректүү жардам берүү, студенттер жана мектеп окуучулары үчүн жеңилдетилген тарифтерди сунуштоо. Компаниянын абоненттерине атайын сайттарды жана билим берүү ресурстарын тарифтештирүүсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгү, нөлдүк баланста өтө шашылыш чалууларын аткаруу жана коронавирус маселелери боюнча тынымсыз байланыш телефондоруна акысыз чалуу мүмкүнчүлүгү, акысыз пакеттер жана роумингдеги абоненттерге чалуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Андан тышкары, SIM-карталарды жана байланыш түзмөктөрүн жеткирүү кызматы түзүлдү.

Beeline, Кыргызстандын элине жардам көрсөткөн мекемелерге, жана ошондой эле четте турбаган жана ден-соолугуна болгон коркунучка карабастан, вируска каршы алдыңкы катарларда иш алып барган жарандарга терең ыраазычылыгын билдирет.

Beeline: сизге жана жакындарыңызга кам көрүү менен!
 

https://beeline.kg/ru/aidana