Корпоративдүү жоопкерчилик

Мамиле, принциптер, артыкчылыктар

Закрыть Открыть

Бүгүн  Beeline  бир гана республиканын телекоммуникациялык рыногунун лидери болуп саналбастан, социалдык  проблемаларды чечүүгө да активдүү катышууда. Мекемелик социалдык жоопкерчилик компаниянын глобалдуу стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. 

Биздин принциптер:

Маанилүүлүк
Компания мекемелик социалдык жоопкерчиликтин баарынан маанилүү багыттарын аныктоо үчүн коомдук керектөөлөрдү изилдеп, пикирлердин лидерлери менен байланышып, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү менен баарлашып жатат, ал өлкөдөгү курч социалдык маселелерди чечүүдө  максималдуу салым кошууну каалайт.  

Тутумдуулук
Биз өткөн, азыркы ишмердүүлүк жана ички дүйнөгө болочоктогу таасирибиз үчүн жоопкерчилик тартабыз; 
Социалдык-жоопкерчиликтүү мамиле компаниянын бизнес-процесстерине интеграцияланган;
Өзүбүздүн социалдык стратегиябызды ишке ашырууда биз тандалган багыттарыбызды карманабыз;
Биздин социалдык ишмердүүлүгүбүз  регулярдык мүнөзгө ээ;

Ачыктык
Биз бардык ишке ашырылган социалдык долбоорлор туурасындагы маалыматтарды жарыялап турабыз жана социалдык долбоорлорго кызыкдар  жактар менен диалог курууга ачыкпыз. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча Компания   КМШ жана Грузия мамлекеттери боюнча биринчи социалдык отчетторду басып чыгарды.  


Мекемелик социалдык жоопкерчиликтин негизги багыттары:

Компания рынокто
Өлкөнүн экономикасына инвестициялар, тармакты өнүктүрүү
Тунуктук, ачыктык, адептүүлүк
Жогорку сапаттагы кызматтарды жана тейлөө көргөзүү

  •       Мобилдик сабаттуулук
  •       Мобилдик этикет

Жумушчу орундарды түзүү, татыктуу эмгек шартын камсыз кылуу

Компания жана коом
Билимди колдоо
Улуттук баалуулуктарды колдоо
Коомдун социалдык- корголбогон катмарын колдоо

Компания жана айлана чөйрө
Жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу жана айлана чөйрөнү коргоого катышуу
Адамдын ден соолугуна уюлдук байланыштын таасири маселесин изилдөө

Компания телекоммуникация рыногунда

Закрыть Открыть

Мамлекеттин экономикасына инвестициялар, тармакты өнүктүрүү
Компания  алдыңкы технологияларды киргизүү, о.э. инновациялык продукттар менен тейлөөлөрдү чыгаруу менен мамлекеттеги телекоммуникациялык тармактын динамикалуу өнүгүшө шарт түзүүдө.
2009 –жылдын аяганда  Beeline GSM-операторлордон биринчи болуп Кыргызстандын аймагына үчүнчү муундун тармагын кое берди, бул компаниянын кардарларына интернетке жогорку ылдамдыктагы жеткини камсыз кылды.    2012 – жылы февралда тармак өлкөнүн бардык жети областын камтыды.   Beeline дан жаңы технологиянын пайда болушу ири шаарлар менен алыскы аймактардын ортосундагы маалыматтык теңсиздик проблемаларын чечүүгө жардам берет. 

 
Жумушчу орундарды түзүү, татыктуу эмгек шартын камсыз кылуу

«ВымпелКом Лтд.» бүгүн — бул дүйнөнүн 19 мамлекетинде 70 миңге жакын кызматкерлер. Бул компаниянын стратегиялык милдетине жетишүү үчүн иштеп жаткан уюмдун бардык деңгээлдеги профессионалдардын командасы.   
Компания адистер саясаты тармагында жогорку эл аралык стандарттарды кармайт, рыноктогу мыкты адистерди тартат, о.э. ички кадрдык резервди топтойт, ал өз кызматкерлерине өздөрүнүн таланттарын ачууга толук мүмкүнчүлүк берет. 

Компания өз персоналын баалайт жана жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү компенсациялык пакетти сунуштайт, ал туруктуу жана алмашып туруучу айлык акыдан, камсыздандыруудан, кызматтык уюлдук байланыштан жана башка жеңилдиктерден турат.  

«ВымпелКом Лтд.» компаниясынын тобу көп жолу ар кайсы эксперттер  жана аналитиктер тарабынан жагымдуу иш берүүчүлөрдүн бири катары таанылып келген.  
Биз, алдыңкы мамилелер, мыкты дүйнөлүк практикага таянуу жана адам ресурстарын башкаруу тармагындагы уникалдуу экспертиза биздин компаниянын ийгилигинин кепилдиги болуп калаарына ишенебиз.   

Тунуктук, ачыктык, адептүүлүк

Beeline рыноктогу алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат жана тандап алган баалуулуктарын бекем кармайт: бул кызматкерлерге жана өнөктөштөргө болгон сый мамиле жана ишеним, ачыктык, чынчылдык жана инновацияларды колдоо. 

Компанияда Иштиктүү жүрүм турум жана этика кодекси кабыл алынган, анда компаниянын бардык кызматкерлеринин  - адистерден баштап топ-менеджерлерге чейинки кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн  негизи болуп саналган этикалык принциптер  менен ченемдер жазылган.    Кодекс – бул Компаниянын ар бир кызматкерине, кардарларга жана рынок боюнча өнөктөштөрүнө болгон ачык жана акыйкат мамилесинин кепилдиги. 

Жогорку сапаттагы кызматтарды жана тейлөөлөрдү берүү

Жогорку сапаттагы кызматтарды жана тейлөөлөрдү берүү компаниянын кардарларынын алдындагы мекемелик социалдык жоопкерчилигинин бир бөлүгү болуп эсептелет.

Мобилдик сабаттуулук
Beeline эксперттер менен бирдикте уюлдук байланыштын технологиясын  алдамчылык үчүн колдонгон алдамчылардын торуна илинип калбай,  өз акчасын сактап калууга ар кандай сунуштарды иштеп чыкты.

Мобилдик этикет
Мобилдик баарлашуунун маданияты – биздин жалпы маданиятыбыздын бир бөлүгү.   Beeline  айланадагылар менен баарлашуу жагымдуу болушу үчүн бир катар сунуштарды сунуштайт.  Сунуштардын негизинде  - жеке эркиндик жана башкалардын кызыкчылыгын сыйлоо.

Компания жана коом

Закрыть Открыть

Билимди колдоо
Мекемелик социалдык жоопкерчиликтин негизги багыттарынын бири – билимди колдоо болуп саналат. Билимге салым кошуу – бул өлкөнүн келечегине салым кошуу.   Билим берүү процессин жакшыртуу, билим берүү программаларын өнүктүрүү жогорку квалификациялуу адистерди тарбиялап чыгууга түрткү берет, о.э. жогорку саясий аренадагы мамлекеттин кадыр баркын көтөрөт. Биз билим берүү процессинин жогорку технологиясын киргизүүгө аракет кылабыз, бул жаңы билим алуу жана тиешелүү  маалыматты издөө процессин бир топ жеңилдетет. 

Улуттук баалуулуктарды колдоо
Beeline иш алып барган ар бир мамлекет уникалдуу. Бул өзгөчөлүктөрдү эске алып, компания  мамлекеттеги жашоочулар үчүн жалпы маанилүү болгон багыттарды гана тандайт.    

Биздин көпчүлүк абоненттерибиз үчүн кыргыз тили эне тили болуп саналат, мына ошондуктан Кыргызстандагы мекемелик социалдык жоопкерчиликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири- улуттук тилди өнүктүрүүнү колдоо  болуп саналат. 

Коомдун социалдык корголбогон катмарын колдоо
Кайрымдуулук комитети
2012-жылдын башында компания Кайрымдуулук комитетин түздү, ал квартал сайын муктаж болгон майыптарга, ардагерлерге, жетим балдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга колдоо көргөзүп турат.

Ардагерлерге даректик жардам
Жыл сайын  9-майга карата  компания Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жардам берип турат, о.э.   «Бир полктук досуна чалуу» акциясын өткөрөт, анда ардагерлер дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө акысыз чалуу мүмкүндүгүн алышат.

Шефтикке алган  балдар  мекемелерине даректик жардам
Компания регулярдык негизде жатак мектептерге жана балдар үйүнө максаттуу жардам берип турат. Мамлекеттин экономикасына инвестициялар, тармакты өнүктүрүү

Компания  алдыңкы технологияларды киргизүү, о.э. инновациялык продукттар менен тейлөөлөрдү чыгаруу менен мамлекеттеги телекоммуникациялык тармактын динамикалуу өнүгүшө шарт түзүүдө.  
2009 –жылдын аяганда  Beeline GSM-операторлордон биринчи болуп Кыргызстандын аймагына үчүнчү муундун тармагын кое берди, бул компаниянын кардарларына интернетке жогорку ылдамдыктагы жеткини камсыз кылды. 2012 – жылы февралда тармак өлкөнүн бардык жети областын камтыды. Beeline дан жаңы технологиянын пайда болушу ири шаарлар менен алыскы аймактардын ортосундагы маалыматтык теңсиздик проблемаларын чечүүгө жардам берет. 

Жумушчу орундарды түзүү, татыктуу эмгек шартын камсыз кылуу
«ВымпелКом Лтд.» бүгүн — бул дүйнөнүн 19 мамлекетинде 70 миңге жакын кызматкерлер. Бул компаниянын стратегиялык милдетине жетишүү үчүн иштеп жаткан уюмдун бардык деңгээлдеги профессионалдардын командасы.   
Компания адистер саясаты тармагында жогорку эл аралык стандарттарды кармайт, рыноктогу мыкты адистерди тартат, о.э. ички кадрдык резервди топтойт, ал өз кызматкерлерине өздөрүнүн таланттарын ачууга толук мүмкүнчүлүк берет. 

Компания өз персоналын баалайт жана жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү компенсациялык пакетти сунуштайт, ал туруктуу жана алмашып туруучу айлык акыдан, камсыздандыруудан, кызматтык уюлдук байланыштан жана башка жеңилдиктерден турат.  

«ВымпелКом Лтд.» компаниясынын тобу көп жолу ар кайсы эксперттер  жана аналитиктер тарабынан жагымдуу иш берүүчүлөрдүн бири катары таанылып келген.  
Биз, алдыңкы мамилелер, мыкты дүйнөлүк практикага таянуу жана адам ресурстарын башкаруу тармагындагы уникалдуу экспертиза биздин компаниянын ийгилигинин кепилдиги болуп калаарына ишенебиз.   

Тунуктук, ачыктык, адептүүлүк
Beeline рыноктогу алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат жана тандап алган баалуулуктарын бекем кармайт: бул кызматкерлерге жана өнөктөштөргө болгон сый мамиле жана ишеним, ачыктык, чынчылдык жана инновацияларды колдоо. 

Компанияда Иштиктүү жүрүм турум жана этика кодекси кабыл алынган, анда компаниянын бардык кызматкерлеринин  - адистерден баштап топ-менеджерлерге чейинки кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн  негизи болуп саналган этикалык принциптер  менен ченемдер жазылган.    Кодекс – бул Компаниянын ар бир кызматкерине, кардарларга жана рынок боюнча өнөктөштөрүнө болгон ачык жана акыйкат мамилесинин кепилдиги. 

Жогорку сапаттагы кызматтарды жана тейлөөлөрдү берүү
Жогорку сапаттагы кызматтарды жана тейлөөлөрдү берүү компаниянын кардарларынын алдындагы мекемелик социалдык жоопкерчилигинин бир бөлүгү болуп эсептелет.

Мобилдик сабаттуулук
Beeline эксперттер менен бирдикте уюлдук байланыштын технологиясын  алдамчылык үчүн колдонгон алдамчылардын торуна илинип калбай,  өз акчасын сактап калууга ар кандай сунуштарды иштеп чыкты.

Мобилдик этикет
Мобилдик баарлашуунун маданияты – биздин жалпы маданиятыбыздын бир бөлүгү.   Beeline  айланадагылар менен баарлашуу жагымдуу болушу үчүн бир катар сунуштарды сунуштайт.  Сунуштардын негизинде  - жеке эркиндик жана башкалардын кызыкчылыгын сыйлоо.

Компания жана айлана чөйрө

Закрыть Открыть

Жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу жана айлана  чөйрөнү коргоого катышуу
Айлана чөйрөгө аяр мамиле кылуу биздин бизнестин философиясы болуп саналат.   Компанияла 2011-жылдын башында старт алган «Эко-офис» долбоорунун алкагында , биз жаратылыш ресурстарын колдонууну оптималдаштыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатабыз. 

Биздин продукттардын жана кызматтардын мүнөзү жаратылышка аяр мамиле кылууга шарт түзөт – уюлдук телефондор жана компьютерлер жазуу китепчелери  менен күндөлүктөрдү, ал эми китеп  менен гезиттердин электрондук версиялары –алардын басма сөз варианттарын алмаштырды.   

Азыр, өз жакындары менен жаркын эмоцияларды бөлүшүү үчүн кагазга кат жазып, ачык кат же сүрөт  жөнөтүүнүн зарылдыгы жок. Электрондук почта же SMS жана MMS-билдирүүлөрдү колдонуу  менен аны дароо жиберүүгө болот, аны менен кагаздар чыгарыла турган бактарды сактап калабыз. Эл аралык аялдардын күнүндө  КМШ жна Грузиядагы  Beeline кардарлары     22,5 млн.көп билдирүү жиберишкен. Эгер ар бир   SMS-билдирүү куттуктоочу ачык кат болгондо, анда биздин абоненттер 226 тонна кагазды же 3,8 миң бакты сактап калышкан. Бактардын мындай  саны 11 400 адамды кычкылтек менен камсыз кылууга жөндөмдүү.  

Долбоор башталган  убакыттан бери өлкөдө 70 активдүүлүк ишке ашырылды.  

Адамдын ден соолугуна уюлдук  байланыштын таасири маселесин изилдөө

Базалык станциялар жана ден соолук
2006-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Саламаттыкты сактоонун Бүткүл дүйнөлүк уюму (ССБДУ), бүгүнкү күнү базалык станциялардан жана зымсыз тармактардын чыгып турган алсыз радиожыштыктагы сигналдар ден соолук үчүн жагымсыз таасир калтырат дегенге ишенимдүү илимий далилдер жок деген жыйынтыкка келишти. 

Изилдөөлөр,  базалык станциялардын РЖ сигналдардын таасиринин деңгээлдери эл аралык нормативдердин деңгээлинен 0,002% дан 2% га чейин түзөөрүн көргөзгөн, бул ар кандай факторлордон көз каранды, мисалы антеннанын жакындыгы же рельефтин өзгөчөлүгү. Бул көрсөткүчтөр радио жана телефизиондук берүү РЖ сигналдарынын таасиринен азыраак же бирдей.  

Жыштыгынын азыраак болгон себебинен улам, адам организми базалык станцияларга караганда телевизор менен радиоприемниктен 5 эсе көп сигналдарды кабыл алат. анткени, радиоберүүдө колдонулган жыштыктар   (  300 дөн 400 МГц жакын),  уюлдук байланышта колдонулган жыштыктардан   (900 МГц жана 1800 МГц) төмөн. Бул учурда радио жана теле станциялар 50 жылдан ашык кызмат көргөзүп келе жатат. бул учурда  адамдын ден соолугуна кандайдыр бир терс таасири табылган жок.

ССБДУ бул теманы изилдөөнү улантууда жана эксперттер менен ар кайсы мамлекеттеги жөнгө салуучу органдар менен консультация жүргүзүп жатат.


Уюлдук телефон жана ден соолук
2011 –жылы июнда Саламаттыкты сактоонун Бүткүл дүйнөлүк уюму (ССБДУ) расмий түрдө билдирди: 
«Акыркы эки он жылдыктын аралыгында көп сандаган изилдөөлөр жүргүзүлдү,  алар уюлдук телефондор ден соолук үчүн канчалык потенциалдуу коркунуч жаратаарын баалоого арналган. Бүгүнкү күнү уюлдук телефонду колдонууга байланышкан ден соолук үчүн эч кандай терс таасир табылган жок».
Уюлдук телефонду колдонуу маселесине келгенде, ССБДУ мындай сунуш берет: «Азыркы илимий күбөлүктөр уюлдук телефон колдонуу учурунда сактануу үчүн кандайдыр бир атайын чараларды көрүүнү аныктаган эмес. Эгер айрым адамдар дагы эле тынчсызданып  жатышса,  алар өздөрү же балдарынын  уюлдук телефонду колдонуусун азайтуу тууралуу өз алдынча чечим чыгарышса болот: алар сүйлөшүүлөрдүн узактыгын кыскартуу же «hands free» жабдуусун колдонуунун жардамы менен, ошондо уюлдук телефонду башына жана денесине жакын кармабай калат».

https://beeline.kg/ru/aidana