«Beeline Оюндар» Сервисин көрсөтүү жана ага жазылуу эрежелери

                Бул «Beeline Оюндар» сервисин көрсөтүү жана ага жазылуу эрежелери (мындан ары – «Эрежелер») – «Скай Мобайл» ЖЧКсынын Абоненттерине багытталган оферта болуп саналып, Колдонуучулар тарабынан «Beeline Оюндар» сервисин (мындан ары «Сервис») туташтыруу жана пайдалануу шарттарын белгилейт, жана авторизациядан кийин же ал аткарылбаган болсо, Сервистин контентин пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат жана ошону менен Сервистин жана Оператор сунуш кылган тиешелүү кызматтардын Колдонуучулары болушат. Колдонуучунун Сервисти колдонуусу Колдонуучунун ушул Эрежелерди толук бойдон сөзсүз кабыл алуусун, анын шарттарын толук кабыл алуусун жана ушул Эрежелерге ылайык Колдонуучуга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга макулдугун билдирет.

 

Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

Абонент - Оператор «Скай Мобайл» ЖЧКсы (Beeline – соода маркасы) менен тармактын уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүсү жөнүндө келишим түзгөн жеке жак.

Авторизация - бул games.beeline.kg Веб-сайтына Логинди (номер) жана Сыр сөздү (абоненттин номерине жөнөтүлгөн төрт орундуу код) киргизүү менен Абоненттин Оператордун кызматынан пайдалануу үчүн Сервиске жеткилигине болгон укуктарын текшерүү (ырастоо) процесси.

Колдонуучу – «Beeline Оюндар» Сервисин туташтырган, алдын ала же кийинчерээк төлөнүүчү эсептешүү тутумундагы тарифтик пландарынын Абоненти.

Абоненттик төлөм - «Beeline Оюндар» Сервисине бир жолку 1 күндүк, 7 күндүк же 30 күндүк жазылуу үчүн Колдонуучудан алынуучу төлөм.

Оператор – «Скай Мобайл» ЖЧКсы, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 115 дарегинде жайгашкан, Колдонуучуну өзүнүн элекр байланыш тармагы аркылуу «Beeline Оюндар» Сервисине жеткилик берет.

 

1. «Beeline Оюндар» Сервисинин баяндамасы

1.1. Оператор, Абоненттин суранычы боюнча, оюн жана көңүл ачуучу контентти камтыган «Beeline Оюндар» Сервисине кирүү кызматын көрсөтөт (мындан ары «Контент») жана Абоненттерге төмөнкүлөрдү аткарууга мүмкүндүк берет:

  • Контентти Колдонуучунун уюлдук түзмөктүн эс-тутумуна жүктөө (OS Android, Symbian, Java);
  • Жүктөлгөн Контентти онлайн жана оффлайн режиминде колдонуу / ойноо;
  • Контентти функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык нөлдүк тарифтөө менен колдонуу;
  • Сервистеги Колдонуучулар үчүн Сервисти колдонуунун ар бир учурунда жеткиликтүү болгон башка мүмкүнчүлүктөр.



2.  «Beeline Оюндар» Сервисин туташтыруу жана ажыратуу.

2.1. Сервисти колдонуу үчүн Колдонуучу төмөнкүлөргө ээ болушу керек:

2.1.1. Сервисти колдогон абоненттик түзмөк - Android опреациялык тутумунун негизинде иштелип чыккан смартфон жана планшет (4.2+ версиясы);

2.1.2. Онлайн режиминде ойноо үчүн кеминде 128 кб/с ылдамдык менен кепилденген жарактуу Интернет байланышы.

2.2. Сервисти туташтыруу үчүн Абонент beeline.kg сайтына же My Beeline KG тиркемесине өтүшү керек, ал жерде «Beeline Оюндар» Сервисин 1 күн, 1 жума же 30 күнгө тандап, туташтыруу керек. Сервиске кирүү үчүн абоненттик төлөм эсептен алынгандан кийин, Колдонуучу games.beeline.kg сайтына өтүшү керек.

2.3. Сервис «Скай Мобайл» ЖЧКсы уюлдук операторунун Абоненттери үчүн гана көрсөтүлөт. Сервиске жеткилик алуунун наркы Оператор тарабынан ушул Эрежелерде белгиленет жана Оператор Эрежелердин жаңы редакциясын жайгаштыруу жолу менен аларды бир тараптуу түрдө өзгөртө алат. Сервиске жеткиликти камсыз кылуунун толук шарттарын beeline.kg веб-сайтынан караңыз.

2.4. Сервисти туташтыргандан кийин жана Абоненттик төлөм өз убагында төлөнгөн шартта, Колдонуучу Сервисти каалаган убакта (эгерде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар болсо) www.games.beeline.kg дарегинде жайгашкан Сервистин вебсайтына кирип пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

2.5. Оператордун тутуму Колдонуучуну Beeline байланыш кызматтарын колдонуу менен (Beeline тармагында болуп) games.beeline.kg сайтына кирген шарттарда автоматтык түрдө тааныйт. Эгерде Колдонуучу көрсөтүлгөн сайтка башка Оператордун тармагында жүргөндө жана (же) wi-fi колдонуп кирген болсо, анда Сервиске жеткилик алуу үчүн, Колдонуучу ар бир учурда www.games.beeline.kg веб-сайтынан авторизациядан өтүшү керек болот.

2.6. Сервистен ажыратуу телефондон USSD командасын терүү жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн:

«Beeline Оюндар  10» Сервисине 1 күндүк мөөнөткө кирүү үчүн * 2070*0#

«Beeline Оюндар 60» Сервисине 7 күндүк мөөнөткө кирүү үчүн * 2072*0#

«Beeline Оюндар 210» Сервисине 30 күндүк мөөнөткө кирүү үчүн * 2073*0#

 

3. Абоненттик төлөм

3.1. «Beeline Оюндар» Сервисине жеткиликти камсыз кылуу үчүн абоненттик төлөм:

• «Beeline Оюндар 10» кызматына 1 күндүк мөөнөткө жеткилик алуу: 10 сом

• «Beeline Оюндар10» кызматына 7 күндүк мөөнөткө жеткилик алуу: 60 сом

• «Beeline Оюндар 10» кызматына 30 күндүк мөөнөткө жеткилик алуу: 210 сом

3.2. Абоненттик төлөмгө КНС жана сатуудан алынуучу салык камтылган.

3.3. Колдонуучунун жеке абоненттик бет эсебине Абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп турушу Сервиске жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун милдеттүү шарты болуп саналат.

3.4. Колдонуучу "Мой Beeline KG" мобилдик тиркемесиндеги же beeline.kg сайтындагы «Beeline Оюндар» Сервисинен ussd-командасы аркылуу ишке ашырылган «туташтыруу» баскычын басып, Операторго Сервиске кирүү үчүн Абоненттик төлөмдү Колдонуучунун жеке абоненттик бет эсебинен автоматтык түрдө Колддонуучу тандаган күндөр үчүн каражат чыгарып алуу буйругун берет. Каражат жетишсиз болгон учурда, Оператор Колдонуучу абоненттик бет эсебин «Beeline Оюндар» Сервисине кирүү үчүн тандалган жазылуунун (кирүү мезгилинин) баасынан кем эмес суммадагы каражат менен биринчи толтурулган учурда, автоматтык түрдө андан Абоненттик төлөмдү чыгарып салат.


4. Интернет трафиктин тарифтелиши

4.1. Сервис Колдонуучуларга Абоненттик төлөмдү өз убагында төлөгөн шартта (Эрежелердин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй) реалдуу убакыт режиминде көрсөтүлөт.

4.2. Сервистин чегинде жеткиликтүү болгон контент бирдиктерин жүктөө мүмкүнчүлүгү, эгерде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, Колдонуучуга берилет. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, Колдонуучунун өзүнүн уюлдук түзмөгүнүн эс-тутумуна жүктөлгөн гана контентине кирүү мүмкүнчүлүгү бар.

4.3. Колдонуучулар үчүн Сервисти пайдалануунун алкагында кирүүчү жана чыгуучу уюлдук интернет-трафик үчүн акы алынбайт.

4.4. Сервиске Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туташканда, кирүүчү жана чыгуучу интернет-трафик белгиленген роумингдин стандарттуу тарифтерине ылайык алынат.

4.5. Абонент үчүнчү жактын операторлорунун интернет-трафигин колдонгондо, Сервисти колдонуунун алкагында кирүүчү жана чыгуучу интернет-трафик үчүн акы үчүнчү жактын операторлорунун белгиленген тарифтери боюнча алынат.

4.6. «Beeline Оюндар» Сервисин колдонууга байланыштуу суроолор болсо, Абонент *611 кыска номери аркылуу Call-борборго кайрылса болот (иш убактысы: күнү-түнү).

 

5. Тараптардын укуктары жана милдеттери

5.1. Сервисти Колдонуучу коммерциялык максаттарда колдоно албайт. Колдонуучу Сервисте алынган маалыматты юридикалык, жеке, коммерциялык эмес максаттарда гана колдонууга милдеттүү.

5.2. Сервисти колдонууда Колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Сервисте контенти жана интеллектуалдык ишмердүүлүнүн натыйжасы сайтта жайгашкан Оператордун жана укук ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого милдеттенет.

5.3. Колдонуучу Сервисте жайгашкан интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктардын укук ээлеринин жазуу түрүндөгү макулдугусуз Сервисти, анын элементтерин, анын ичинде контентти коммерциялык максаттарда көчүрүүгө, ойготууга, сатууга, кайра сатууга же пайдаланууга укугу жок.

5.4. Колдонуучу Сервисте жайгаштырылган ар кандай маалыматты же интеллектуалдык иштин натыйжаларын мыйзамсыз пайдаланууга же көчүрүүгө жол бербей же чектей турган кандайдыр бир техникалык Сервисти же ага жайгаштырылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын коргоо каражаттарын айланып өтпөөгө же башкача жол менен тоскоолдук кылбоого милдеттенет.

5.5. Кызматты колдонууда, Колдонуучуга төмөндөгүдөй маалыматтарды жүктөөгө, сактоого, жарыялоого, жайылтууга жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга же башка жол менен пайдаланууга тыюу салынат.

• коркутууну камтыган, беделди кетирген, кемсинткен, ар-намысты жана кадыр-баркты же ишкердик беделди кемсинткен же башка Колдонуучулардын же үчүнчү жактардын жеке жашоосун бузган;

• жашы жете электердин укугун бузган;

• адепсиз же уятсыз, уят сөздөрдү камтыган, порнографиялык сүрөттөрдү жана сексуалдык мүнөздөгү тексттерди же көрүнүштөрдү камтыган;

• жаныбарларга карата зомбулуктун же адамгерчиликсиз мамиленин көрүнүштөрүн камтыган;

• өз өмүрүнө кол салуунун каражаттарын жана ыкмаларын, аны жасоого ар кандай үндөөнү камтыган;

• расалык, диний, этникалык кастыкты же жек көрүүнү козутууга үгүттөгөн жана / же жайылткан, фашизмди же расалык артыкчылык идеологиясын жайылткан;

• экстремисттик материалдарды камтыган;

• кылмыштуу иштерге көмөктөшкөн же кылмыштуу аракеттерди жасоо боюнча кеңештерди, көрсөтмөлөрдү же колдонмолорду камтыган;

• чектелген жеткиликтеги үчүнчү жактардын жеке жашоосу жөнүндө маалыматты, мамлекеттик, коммерциялык сырды камтыган, бирок аны менен чектелбеген, маалыматты камтыган;

• жарнамаларды камтыган;
• көз боёмочулук мүнөздө болгон;

• Колдонуучуга аны пайдаланууга уруксат бербеген, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын башка укуктарын жана кызыкчылыктарын же мыйзамдуу талаптарды бузган үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчиги болгон.

5.6. Колдонуучу контенттин укук ээси жана (же) лицензиячысы (Оператордун Өнөктөшү – «Bemobi International AS») тарабынан белгиленген Сервисти жана / же Сервистеги контентти колдонуу эрежелерин сактоого милдеттүү.

5.7. Ушул Эрежелерге ылайык, Оператордун Колдонуучулар алдындагы милдеттенмелери - бул бир гана Сервистин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн (жеткиликтүүлүгүн) камсыз кылуу.

5.8. Оператор Колдонуучулар үчүн Сервисти колдонууга кандайдыр бир чектөөлөрдү коюуга, ушул Эрежелерди каалаган убакта бир тараптуу өзгөртүүгө укуктуу.

5.9. Колдонуучу Сервисте жайгаштырылган, белгилүү бир курактагы аудиторияга арналган материалга киргенде, Оператор курактык чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу; демек, Оператор тарабынан белгиленген жашка жете элек Колдонуучулар мындай контенттерге кирүүдөн жана / же көрүүдөн баш тартууга милдеттенишет, бул жөнүндө Оператор Колдонуучуларга Сервистеги маалымат өнүмдөрүнүн белгилерин көрсөтүү менен же Колдонуучулар белгилүү бир жаштагы аудиторияга арналган контентти көрүп, колдонууга аракет кылганда, маалыматтык билдирүүлөр аркылуу кабарлай алат.

5.10. Оператор Сервистин каалаган бөлүмүндө жарнамалык жана / же башка маалыматтарды жайгаштырууга, жарнамалык маалымат менен контентти көргөзүүнү үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле Оператордун жана / же үчүнчү жактардын жарнамалык жана башка маалыматтык материалдарын, анын ичинде электр байланышынын тармагы аркылуу жөнөткөн билдирүүлөрдө жайгаштырууга укуктуу жана Колдонуучу ушул Эрежелерде буга макулдугун берет.

 

6. Башка шарттар

6.1. Колдонуучу Оператордун Өнөктөшү, өз каалоосу боюнча, Колдонуучуга билдирбестен, каалаган убакта Сервистен өзү каалаган контентти алып салууга укуктуу экендигине макулдугун берет. Ошол эле учурда, Тараптар Оператордун Өнөктөшү дагы, Оператор дагы ушул сыяктуу аракеттерден улам Колдонуучуга келтирилген зыян үчүн жооп бербээрине макулдугун беришет.

6.2 Сервисте жеткиликтүү болгон контенттин элементтери абонентке үчүнчү жактар (лицензиарлар) тарабынан, контенттин курамындагы медиа-элементтерге кошулган же алар менен бирге көрсөтүлгөн, Оператордун Өнөктөшү менен ушул лицензиарлар тарабынан түзүлгөн үчүнчү жактардын лицензиялык келишиминин шарттарында көрсөтүлөт.

6.3. Сервистеги контенттин курамындагы кандайдыр бир медиа-элементтин жеткиликтүүлүгү Колдонуучуга кепилденбейт.

6.4. Колдонуучулар үчүн Сервисте жайгаштырылган контентке жеткилик Кыргыз Республикасынын аймагында берилет.

6.5. Сервисти колдонууда, Колдонуучу Операторго Сервисте жайгаштырылган жана / же контентти көрсөтүү процессинде жарнамалык маалыматты алууга, ошондой эле Оператордон жана / же үчүнчү жактардан Оператор менен макулдашылып, электр байланыш аркылуу Оператор жана / же үчүнчү жактар ​​тарабынан жиберилген жарнамалык жана башка жарнамалык маалыматтарды алууга макулдук берет. Колдонуучу Сервистин маалыматтарын, анын ичинде жарнамалык мүнөздөгү маалыматтарды уруксатсыз тосмологон, өзгөрткөн, көчүрүп алган программаны колдонуу менен Сервисти пайдаланууга укугу жок. Эгерде Колдонуучу Эрежелердин ушул жобосу менен макул болбосо, Колдонуучу Сервисти колдонбоого, андан толугу менен пайдалануудан баш тартууга укуктуу.

6.6. Ушуну менен Колдонуучуга лицензиар, ошондой эле Оператордун Өнөктөшү, контентти пайдалануу боюнча өзүнүн эрежелерин, анын ичинде online оюндарынын катышуучуларынын ортосундагы байланыш эрежелерин белгилөөгө укуктуу экендиги эскертилет. Лицензиар же Оператордун Өнөктөшү, Колдонуучу белгилүү бир контенттин колдонуу эрежелерин бузган, же ага карата ушул Эрежелерди бузган учурда, Колонуучунун көрсөтүлгөн контентке кирүүсүнө бөгөт коё алат. Ошол эле учурда, Оператор дагы, укук ээси дагы, контенттин лицензиары дагы (анын ичинде Оператордун Өнөктөшү да) Колдонуучунун ушул учурларда контентке жеткиликтүүлүгүн чектегендиги (блоктоосу) үчүн жооп бербейт.

https://beeline.kg/ru/aidana