Уюлдук байланыш
Издөө
KG
RU
Жеке кабинет

Биринчи кадам:

Beeline кеңсесинен 4G Wi-Fi роутер сатып алыңыз же 5505 номуру аркылуу тапшырык бериңиз

Экинчи кадам: 

Wi-Fi роутердин капкагын ачыңыз, түзүлүштүн батареясынын астында  Wi-Fi`га  жетишүү сыр сөзү бар, аны   Wi-Fi`га кошулганда киргизүү зарыл, түзүлүштүн комплектисине кирген SIM-картаны орнотуңуз

Үчүнчү кадам: 

Роутерди жандырыңыз жана чектөөсүз Интернет жана телевидениени эки ай бою акысыз колдонуңуз. 

 

Телеберүүлөргө кошулуу көрсөтмөлөрү:

- Beeline TV программасын орнотуңуз: Windows, Mac, Android

- Орнотуудан кийин иш тактасында  beeline TV белгичеси пайда болот 

- Пайда болгон белгичени эки жолу чырт эткирүү менен программаны ишке киргизиңиз 

- Пайда болгон терезеден  «логин» талаасына  SIM-картанын номурун  99677XXXXXXX форматында жазыңыз, «пароль» талаасына «BeelineTV» деп жазыңыз

- Даяр! Телеберүүлөр кызматын пайдалана бериңиз!

Биринчи жолу киргенден кийин сыр сөздү алмаштыруу сунушталат.

Ссылки для скачивания;

 

         

 


 

Кененирээк маалымат:

Акция алкагында  бардык салыктарды эске алганда 2990 сомго 2 ай чектөөсүз 4G Интернет, 60 канал телевидение жана Wi-Fi роутер берилет. Эки айдан кийин тарифтөө «Чектөөсүз 4G плюс ТВ» тарифтик планынын шарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

Тарифтик планда абоненттик төлөм чектөөсүз 4G Интернет жана  телевидение үчүн жумасына бардык салыктарды эске алганда 330 сомду түзөт.  

Баланстагы каражат абоненттик төлөмдү алууга жетишсиз болсо,  1 МБ үчүн тарифтөө баасы 1 сомду түзөт.

Телевидениеге жетишүү абоненттик төлөм алынгандан кийин гана берилет.   

Сиздин Wi-Fi тармагыңыздын аталышын алмаштыруу, сыр сөздү өзгөртүү үчүн роутердин тууралоолоруна кирүү түзүлүштүн батареясынын астында көрсөтүлгөн дарек жана сыр сөздү колдонуу менен браузер аркылуу  жүргүзүлөт.

Сунуш алдын ала төлөп эсептешүү системасынын абоненттерине гана жеткиликтүү. 

«Чектөөсүз 4G плюс ТВ» тарифтик планына өтүү:  *555*606# 

«Старт» тарифтик планынан өтүү акысыз, калган бардык тарифтик пландардан өтүү баасы 40 сом.

Телевидение кызматын ОсОО “Inform Communications” ЖЧК көрсөтөт. 

 

4G/Wi-Fi-роутердин техникалык мүнөздөмөсү

Толугураак